Ашкана сырын ачкан аялзат

“Демге-дем” медиа борбору Кыргызстандагы элеттик ишкер айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын репортаждарды даярдады. Долбоордун негизги максаты – жашы 40тан илгерилеп  калган ишкер айымдардын кызматын, өз колу менен жасаган буюмдарын же товарларын интернет аркылуу таанылтуу жана жаңы кардарларды табууга көмөктөшүү. Кыргызстандын аймактарында экономикалык оор абалга, чектөөлөргө карабай, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер эмес, өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын ийгиликке жетүү жолун баяндайт.

Долбоордун катышуучуларынын бири Гүлсара Чойбекова. 48 жаштагы Гүлсара Чойбекова бир нече жылдан бери  тейлөө  жаатындагы ишкердик түрүн жүргүзүп келет. Учурда ал уюштурган “Нисса” кызмат көрсөтүү компаниясы  ар тараптуу, бала кароо, аш-тойлордо кызмат көрсөтүү, салат түрлөрүн жасоо менен бирге кулинариялык  окуу курстарын өткөрүп келет. Компаниянын аты да өзгөчө тандалган.

Гүлсара Чойбекова – ишкер: “Нисса” деген бул араб тилинен которгондо аял дегенди билдирет экен. Биздин кызматтардын баары аялдарга байланыштуу болгондуктан компаниянын атын “Нисса” деп атадык.

Диана Джапарованын кесиби башталгыч класстардын мугалими болгонуна карабай, кулинариялык курска келип билим алып жатат. Себеби жашоодо аял киши үчүн бул тармак  маанилүү экенин жакшы түшүнөт.

Диана Джапарова – кулинария курсунда үйрөнүүчү: 3 айга созулган окуу курсунан айымдар негизинен тамак, салат түрлөрүн, ар түрдүү нан азыктарын бышырууну үйрөнүшөт. Ага кошумча ар кандай мааракелер үчүн да буюртма алышып, аларга керектүү болгон азык түрлөрүн даярдап беришет.

Мээрим Бабаханова –  кулинария курсунда үйрөнүүчү: Көптөгөн нерселерди үйрөнүп кете алсам болот. Бүгүн да салаттардын, самсалардын жана пиццалардын түрлөрүн үйрөнүп кете алам деп ойлойм. Буйруса көптөгөн нерселерди үйрөнүп кете алам.

Гүлсара Чойбекова кесиби боюнча мугалим. Ал бир эле өзүнүн кесиби менен чектелип калбастан, жогорку окуу жайдын ашканасын ижарага алган. Ал студент жаштар үчүн арзан баадагы тез бышырылуучу азык-түлүктөрдү даярдап, сатыкка чыгарат:

Өзүм мугалим болуп иштейм. Ошол мугалим болуп иштеп турганда эле бул жер бош болуп калган. 2-3 жыл бош турганда жетекчиликтен сурандым эле, мага беришти. 15 жылдан ашып калды. Азыр ушул буфетти иштетем.

Ишкердик жаатына келген Гүлсара айым бир иш менен отурбай, дагы аракет кылып тейлөө тармагында атайын компания ачат:

Мында ишканаларды, иамараттарды, жеке үйлөрдү, тазалоо, андан сырткары бала кароо кызматы бар. Дагы мейман күзөттүү, конок тосуу мааракелерге салат жасоо буюртмаларын алабыз.

Кошумча кулинария окуу курсун ачууда атайын долбоордун негизинде иш алып барган. Ага ылайык, ишкер айым алгачкы каражатка өзүнө керектүү болгон каражаттарды сатып алган:

Курс ачам ошого мага меш керек, атайын чоң көлөмдөгү  духовка керек деп атайын бизнес-план жазгам. Ошол бизнес планым менен жазып утуп алгам. 1000 АКШ долларын утуп алып, өзүм дагы кошумчалап печка сатып алгам. Анан кийин кулинардык курс ачтым, биринчи окуучулар келишип 3 ай окуп кетишти. Сертификат бердик аларга.  

Тынымсыз аракет жана изденүүлөр менен алдыга умтулуп жаткан Гүлсара Чойбекова сыяктуу айымдар үчүн, “Демге-дем” медиа борбору тарабынан уюштурулган экономикалык жактан аялдарды колдоо долбоору мыкты сабак болууда. Ишкердик кылып, бирок аны учур талабына жараша электрондук негизде кызмат көрсөтө албагандарга жакшы окутуу болуп жаткандыгын белгилешет.

Гүлсара Чойбекова: Мындан ары да ушул ишкердикти өнүктүрүп, чоңойтуу үчүн атайын “Демге-дем” тарабынан уюштурулган долбоорго катышып келдим. Буйруса эми инстаграм, фейсбук тармактарында  иштешүүнү үйрөнүп келдим.Эми жасап жаткан продуктуларыбызды интернет аркылуу элге жайылтабыз.

Ишкердик жаатындагы айымдарды  мамлекет тарабы да  колдоого алуусу зарыл. Бул үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу талап кылынат. Көпчүлүк ишкер айымдар дал ушул тилекте. Андыктан “Демге-дем” медиа борбору эл аралык уюмдардын колдоосу менен аларга көмөк көрсөтүүнү улантат.

«Бул макала «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында журналисттер менен аялдардын биригүүсү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген