Ашхабадда КМШ өлкөлөрүндөгү эң бийик балаты орнотулду

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда орнотулган Жаңы жылдык балаты КМШ мамлекеттеринин борбор шаарларындагы эң бийик балаты деп табылды.

Бул тууралуу CA-News жаңылыктар кызматы ТурСтат порталы тарабынан түзүлгөн рейтингге тыянып билдирди.

Ага ылайык, Ашхабадда 40, Ереванда 37, Ташкентте 36, Бакуда 34, Минскте 30, Душанбеде 29, Москва менен Бишкекте 27, Нур-Султанда 25 жана Кишиневдо 20 метрлик балатылар орнотулган.

Былтыр Түркмөнстандын борбор шаарындагы 38 метрлик Жаңы жылдык балаты Борбор Азиядагы эң бийик балаты табылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.