Ашар: айыл эркектери бүтүндөй кыштакты курду

Кыргызстандын Ноокат районундагы Дедекбүбү айылында жүгөрү менен буудай эгишет. Кыштак ушунусу менен эле белгилүү эмес. Мындагы 44 үйдүн баары ашар ыкмасы менен курулган.  Курулушту атайын усталар эмес, айыл тургундары өздөрү бүткөрүшөт. Ашар ыкмасы үйдү аз акчага жана тез арада туругузуу керек болгондо колдонулат.

“Арабыздагы каармандар” Дедекбүбүнүн ынтымактуу тургундары тууралуу айтып берет.

Дедекбүбү айылынын тургундары Тажикстандан Кыргызстанга 1992-жылы көчүп келишкен. Ал кезде мында суу да, жарык да жок эле. Бирок айылдыктар чогуу иштеп, кыйынчылыктын баарын артта калтырышты. Эң аз акча коротуп, өз айылына шарттарды жаратып, 44 үй куруп, бак тигишти. Ашар ыкмасы аларды бириктирди.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz