Асел Дунганаева: 7 облустагы аялдардын көйгөйлөрү бирдей

Ош шаарында облустун райондорунан чогулган кыз-келиндердин катышуусунда семинар өтүп, анда катышуучулар “Коомдо кыз-келиндердин кандай көйгөйлөрү бар?” деген теманын алкагында талкуу жүргүзүштү.

Семинар “Алга” элеттик аялдар коомдук бирикмесинин уюштуруусу менен ишке ашкан. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү турмуштан запкы жегендер, зордук-зомбулукка кабылгандар жана жалгыз бой айымдар болушту.

Аялдарга өздөрүнүн ойлорун ачык айтканга жана бийлик өкүлдөрүнө сунуш-пикирлерди билдиргенге кенен мүмкүнчүлүктөр болуп, баары айылдарында жана иштеген жерлериндеги аялдарга тиешелүү проблемалар менен бөлүшүштү.

 

“Алга” коомдук бирикмесинин кызматкери Асел Дунганаеванын айтымында, 7 облустагы аялдардын баарынын көйгөйлөрү бирдей.

“Элеттик аялдарга чындыгында жашоо кыйын, өзгөчө коомдун аялуу катмарындагы аялдар ушунчалык колдоого, алдыга жылууга жардам берчү адамдардын жок эле дегенде жылуу сөздөрүнө муктаж. Ал гана эмес, кээ бир айымдардын далысына колуңдү коюп:“Сенин колуңдан баары келет” деп койгон сөздүн өзү эле канчалаган күч-кубат берет. Ошондуктан, ар тараптан чогулган аялдар бири-бири менен мамилелешип, шыктануу алышы үчүн, ойлору менен бөлүшүү үчүн семинарларды жер-жерлерде уюштуруп жатабыз”,- дейт Дунганаева.

Семинарда айтылган көйгөйлөрдү санап бүтүүгө мүмкүн болгон жок. Бирок эң эле актуалдуу деп миграция маселеси, аялдардын өз укуктарын билбестиги, ойлорун ачык айта албастыгы, айылдарда аялдарды кызыктыра турган, пайдалуу иш-чаралардын уюшулбагандыгын айтса болот.

“Алга” уюмунун кызматкеринин билдирүүсүндө, аялдарды чогултуп, аларга консультацияларды берүүдөгү негизги максат- элеттик аялдарды укуктары менен тааныштырып,  жашоо-шарттарын бир аз да болсо жакшыртууга жардам берүү.

“Бүгүнкү болуп өткөн иш-чара жакын арада Чүйдө да өтөт. Андан кийин сунуш-пикирлердин баарын жакында өтө турган мамлекеттик деңгээлдеги пресс-конференцияда тийиштүү министрликтерге жеткиребиз.”,- деди “Алга” фондунун өкүлү.

Аталган фонд 1996-жылы түзүлүп, Чүйдө жана Ысык-Ата районунда ишмердигин жүргүзүп келет. Ал эми түштүк жергесиндеги аялдар менен 2001-жылы иштешип баштаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген