Арзыбек Кожошев жаңы кызматка дайындалды

Арзыбек Кожошев Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кожошев 2015-2017-жылдары экономика министри болгон. Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын атынан министр болуп дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген