Арзыбек Бедияровдун дарыгерликти таштап, ырчылыкты тандашына эмне себеп болгон?

Убагында “Күлгүн жаш”, “Каражан”, “Түшүмө кирдиң түндө сен” ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Арзыбек Бедияров азыркы тапта дагы чыгармачылыктын үстүндө иштеп келе жатат. Ал бир гана ырчылык менен алек болуп калбай, мукамдуу обондорду жаратууга жетишти. Тынымсыз чыгармачылык менен иштеп, Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына да ээ болду. Анын замандаштары ырчы өз обондоруна ээлик кылбай, башкаларга жол ачып берген сапатын баалашат. Ушул мүнөзү менен билгендерин жаш муунга үйрөтүп, шакирт тарбиялап жаткан кези. 

Обончунун балалыгы кандай өткөн?

Көп сүйлөбөгөн, арыкчырай, ак жуумал келген орто бойлуу Арзыбек Бедияровду айылдаштары таанымал ырчы, обончу болот деп ойлошпосо керек эле. Анткени канында өнөр жолуна түшкөн  эч ким деле болгон эмес. Атасы колхозчу, апасы 8 баланы тарбиялап, үй кожойкеси болчу. Бала чагында ден соолугунан көп запкы жеген кааарманыбыз чоңойгондо дарыгер болууну кыялданган. Мектепти бүтүрүп 3 жыл катарынан Бишкектеги медициналык окуу жайга тапшырып, бирок өтпөй калат. Өжөрлөнүп жүрүп аталган адистикти Жалал-Абаддан бүтүргөн. Ошол убакта алгачкы обондорун жаратат. Ыр дүйнөсүнө жаңыдан гана аралашып, аспаптарда кол ойното баштаган Арзыбек Бедияровду Кочкор Эрматов аттуу агайы байкап калып, мектепке музыкадан сабак берүүгө чакырган.

Чыгармачылыкка карай чыйыр жол

Арзыбек Бедияров өзүнүн чыгармачылыгын төрт баскычка бөлөт. Ар бир этабында жаралган ырлар азыркы күнгө чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келе жатат.

Алгач таанылганда “Эне тилеги” деген ырым бар эле. Бирок ал тар чөйрөгө, Сузак району жана Жалал-Абаддын жарымындагы эл гана билди. Андан кийин “Кайда жүрдүң”, “Өтүнүч”, “Тагдырым” деген чыгармаларымы жаздым. Ал обондорду элге көп деле таанылбаган ырчылар аткарып жүрүштү. Андан кийин экинчи этапда “Күлгүн жаш”, “Кайра келчи” ырларым пайда болду. “Кайра келчи” деген чыгармамды Саламат Садыкова ырдады. Менин обондоруму белгилүү ырчылар аткарып баштагандан кийин гана элге тааныла баштадым”,- дейт Бедияров.

Ар бир мээнеттин артында тоодой кыйынчылык жатат. Каарманыбыз күн-түн дебей мээрим төгүп, көп убактысын калемге арнайт. Канчалаган кайталангыс  обон жаратса  да, жасаган шедеврлери үчүн эмнегедир акы алганды туура көрбөйт экен. Тагыраагы, обондорун такыр саткан эместигин айтат. Болгону аткаруучуларга мыкты деңгээлде ырдап, авторду да унутпоо талабын коет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.