Арзууга жакын акын жүрөгү. Темирлан Атамкулов менен таанышыңыз

Бийиктигим, тунук нурум, жаз гүлүм,

Билем сендей,сендей жоктун, аздыгын.

Жолдоштукту мейли мага буйрутпа,

Жок дегенде болсом эмне жаздыгың.

Бул керемет саптар алыскы Аксы жеринен чыккан жаш акын Темирлан Атамкуловго таандык. “Сүйүү темасына көп басым жасайт экенсиз, эмне себептен?”- деген суроого: “Арзууга, махабатка жакын жүрөк, ал жүрөк- асыл жүрөк, акын жүрөк”,- деп жооп берген Темирлан 23 жашта. Социалдык барактарга байма-бай жарыяланып турган  ырлары аздыр-көптүр окурмандарын табууга жетишкен. Поэзия сүйүүчүлөрүн жаш акын менен тааныштырып, анын ырларын жарыялоону туура көрдүк.  

– Мен чал-кемпирдин колунда тарбияланган баламын. Таятам менен таtнем макал-лакаптарды аралаштырып, накыл кептер менен сүйлөгөн адамдар эле. Ыр жазып, акын катары калыптанышыма ошол инсандардын чоң салымы бар. Эң алгачкы ырымды апама арнап 13 жашымда жазганмын. Анда апам Бишкекте, биз иним экөөбүз айылда элек. Апамды сагынып жазсам керек.

Ааламдагы эң мээримдүү асыл жан,

Ак жүзүңдө аруу дүйнө катылган.

Алгач ирээт айткан тилим уузданып,

Айлансамчы ооу, АПА деген атыңдан.

 

Айтып бүткүс жоктон көптү бар кылган,

Айсың, күнсүң, жаралгансың таң нурдан.

Актабасам ак сүт, мээнет, мээримиң,

Анда апаке болгону ырас жан курман.


-Сезимдердин падышасы болгон махабат жөнүндө көп жазам. Көбүнчө түн жарымында, жалгыз олтурганда эргүү келет. Жасап жазбай, жашап жаз дегендей, менин ырларым өзүмдүн жашоомдон алынган десем болот.

 

ЖЫПАР ЖЫТЫҢ АЛАКАНДА КАЛЫПТЫР

Түнкү борбор, биз жолдобуз ар качан,

Түнттөп кетем бир күн сага барбасам.

Ирип кетет санаам ичте кайгы муң,

Ичке колуң  бекем кармай албасам.

 

Артык жаным, аруу жаным өзгөдөн,

Ал түндөрдө мен өзүңө сөз берем.

Бир жерди эмес биздин сапар багыты,

Бийик аска бакыт төрүн көздөгөн.

 

Сенден тийип маңдайыма жарык нур,

Сендик жаным, сендик баарым аныктыр.

Жылуу унаа кечээги түн сапарда,

Жыпар жытың алаканда калыптыр.

 

Жаба салып чечип кийген тонумду,

Жарым мүнөт элестетпейм жогуңду.

Жылдыз таркап, таң атса да нан жебей,

Жытың сактап, жуубай жүрөм колумду.

 

Сенден тийип ошол түндө жарык нур,

Сендик жанмын, сендик баарым аныктыр.

Жылдыз жайнап, кол кармашкан түндөгү,

Жыпар жытың алаканда калыптыр.


КАЙДА ЖҮРСҮҢ?

Амансыңбы, ардагым эсенсиңби,

Алда жаным жакшы эле экенсиңби?

Сезимимде уялаар чымчыктайым,

Сени ойлонуп өткөрдүм нечен түндү.

 

Каталарым жүрчүсүң кымтып дайым,

Кабар албай үздүң го кыркып жайың.

Кабатырмын калың каар ызгаар кышта,

Кайда жүрсүң шириним чымчыктайым.

 

Капыс келсе кайрылып кондурууга,

Кайрат берип сезимдер жол курууда.

Жараткандын суугу да эч нерсе эмес,

Жалгыздыктын азабы тоңдурууда.

 

Арзуу ойлор жанымды тушап дайым,

Азыр келчи жайдары кучактайын.

Жаратымды бүтөп кет чаң бастырбай,

Жанаша өскөн түбү бир бутактайым.


АЙЫЛДАШКА

Сен секелек а мен бала ал кезде,

Серин көрчүм, анда-санда, таң-кечте.

Чойроңдочум тамашалап чоң апам,

Чоңойгондо сары кызды ал дешсе.

 

Балабыз да, оюнкараак жоруктур,

Башта ой жок, жүзүбүздө толуп нур.

А андагы кичинекеей сары кыз,

Азыр эми келишкен жан болуптур.

 

Капыс көрүп азыр жүзүң тек сенин,

Качанкы өткөн балалыкты эстедим.

Кызык болду салам айтып агалап,

Кыр жаныма сезим гүлүн сепкениң.

 

Балабыз да оюнкараак жоруктур,

Байырлаган жүзүбүздү толук нур.

А андагы кичинекеей арык кыз,

Азыр көрсөм айдай чүрөк болуптур.


НЕГЕ?

Жалындап жалын, эзип бир деме,

Жакындабайсың, сезипсиң. Неге?

Сыртыңдан жанып сыйкырлап алып,

Сыздатыш үчүн кезиктиң беле?

 

Солгундап күндөр болуп бир деме,

Соолутуп сезим, согуштуң. Неге?

Ырбатып көздү ийнелеп сайып,

Ыйлатыш үчүн жолуктуң беле?

 

Калбады баркы өмүрдүн деле,

Кайчылап жанды бөлүндүң неге?

Каректин алып, багытын өрттөп.

Кайгыртыш үчүн көрүндүң беле?

 

Жалындайт жаным, эзип бир деме,

Жакындабайсың, сезипсиң. Неге?

Сыртымдан күлөм,сыркоолоп жүрөм,

Сыздатыш үчүн кезиктиң беле?


КОШ БОЛГУН

Дос болгонбуз алгач ирет мамиле,

Достук жолун бириктирип жаңы эле.

Акыр барып азап болду сүйүүдөн,

Айыптабайм сүйөм сени дагы эле.

 

Күтөөр элем болсоң алыс жактарда,

Күйпөлөктөп күлчүм катуу каксаң да.

Жүлүндү өрттөп билбесең да баркымды,

Жүрөгүмдө болгон эмес башка арга.

 

Бир күн акыр түйүн ишке кеп салдым,

Билесинби, келди сага бет баргым.

Артыкбы беле беш мүнөтүң дегенде,

“Ай ушул сен, тажаттың го”деп салдың.

 

Билинбестен кеттиң, мезгил жаз бүттү,

Билбейм мага ал азабың аздыкбы.

Кулач уруп аралында армандын,

Кучактадым жашым төгө жаздыкты.

 

Унутам деп бүтпөй келем кечке ойлой,

Улам карап сүрөтүңдөн тек тойбой.

Жактырбагын, жакшы көрүп дагы эле,

Жашап келем ак сүйүүгө чек койбой.

 

Аргып жүрүп, сен деп акыр токтоормун,

Арасына кошсоң мейли жоктордун.

Түнөрттүрүп кабагыңды кезигип,

Түйшүк бербейм түбөлүкө кош болгун.


-Жетинчи классымдан баштап адабият сабагына кызыгып, Алыкул Осмоновдун ырларын көп окудум. Акындын ырларынан таасир алып, өз алдымча аракет кыла бердим. Кийин “Жаңы толкун адабий ” клубунда тапталдым. Келечекте ыр жыйнагымды чыгарып, кыргыз адабиятына казандай болбосо да, кашыктай салым кошуу- менин алдыдагы максатым.

ЖАРЫКТЫК

Э жарыктык, атың өчкүр жарыктык,

Эгер болсоң көңүл түнүн жарып чык.

Турпат тайып, кан жутканча кармашып,

Турмуш менен туулгандан салыштык.

 

Өңдөн арып, өрт күйгөндөй туш жагым,

Өмүр баасыз, өткөн сайын душманым.

Көк карарып, көңүл турса көргө окшоп,

Көркү кайсы көтөрүлүп учканым?

 

Калкып учуп, бассам деле жер менен,

Кармап турам үмүттөрдү өлбөгөн.

Азыр мага арсыз- жансыз дүнүйө,

Айырмаң жок, айырмаң жок көр менен.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar