Артем Новиков кумшекерге болгон дүң баа төмөндөгөнүн билдирди

Кант заводдору кум шекердин сатуу бааларын төмөндөтүштү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда заводдор 55,5 сомдон товар сатууда жана өсүмдүк май менен кумшекерге болгон баалар олуттуу түрдө өстү. Буга чара катары  Экономика министрлиги аталган продукцияларга бааларды жөнгө салуу боюнча токтом киргизди.

 “Азыр документтерге премьер-министр кол коюп жатат. 40 миң тонна кумшекер үчүн 2021-жылдын 15-майынан 20-сентябрына чейин шекерди импорттоодогу алымды алып салуу боюнча келишим түзүлгөн. Бул калктын ички муктаждыгынын 30-35 пайызын түзөт. Кайыңды менен Канттын кампаларында 18 миң тонна кумшекер бар. Бул сумма жакынкы айларга болгон муктаждыкты жабат. Кумшекер заводдору менен келишим түзүлүп, кумшекерди дүңүнөн сатуу баасын төмөндөтүү боюнча, эми анын баасы 55,5 сомго чейин жетти ”, – деди вице премьер-министр.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.