Артем Новиков Баткен облустук ооруканасына барды

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен облустук ооруканасына барды.

Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдардын абалынан кабар алды.

Ал белгилегендей, Өкмөт тарабынан бардык багыттар боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Жабыркагандарга тийиштүү деңгээлдеги медициналык көмөк көрсөтүлүшү тийиш, зарыл болгон учурда медициналык персонал башка облустардан, анын ичинде Бишкек шаарынан да кошумча тартылат. Ал эми учурда дары-дармектер жетиштүү көлөмдө», – деди Артем Новиков.

Белгилесек, президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган жана ал учурда Баткен облусунда жүрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.