Арстанбаптык окуучулар курдаштарын сынчыл ой жүгүртүүгө окутуп жатышат

Жалал-Абад облусундагы Арстанбап айыл аймагындагы 9-10-11-класстын окуучулары өздөрүнүн курбалдаштарынын сынчыл ой-жүгүртүүсүн жогорулатуу үчүн тренингдерди өтүштү. Алар бул багытта атайын долбоордун негизинде өздөрү фейк маалыматтарды аныктоо, ой-пикирин ачык, түшүнүктүү кылып жеткирүү илими – сторителлинг боюнча өткөн сабакта үйрөнгөндөрүн башка курдаштарына, жаштарга жеткирүүнү көздөшөт.

“Жаш ниет” коомдук уюмунун жетекчиси Нургүл Караеванын маалымдашынча, учурда мындай тренингдер жаштарга керек:

“Учурда интернетте, соцтармактарда миллиондогон маалыматтар бар. Саат сайын агылып, телефонубузга келип турат. Жергиликтүү жаштар маалыматтарга сынчыл көз караш менен карап, пайдалуусун жана зыяндуусун иргеп биле алышпайт. Ошондуктан, түрдүү жаман топторго, группаларга кошулуп, рэкет болуп кетишүүдө. Биздин долбоор мына ушунун алдын алууга багытталган”.

Маалыматтарга сынчыл көз менен кароо боюнча өткөн тренингге Арстанбап айылында жашаган 14-28 жаш курактагы жаштар катышты. Аларга фейк маалыматтарды аныктоону үйрөтүүдөн тышкары кесип тандоого багыт берилип, акчаны туура сарптоо боюнча финансылык сабаттуулук тууралуу да сабактар өткөрүлдү.

Долбоор “Search for Common Ground” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан “Жашстан” долбоорунун алкагында колдоого алынган. Долбоордун өнөктөшү, “Жаш-Ниет” коомдук уюмунун төрайымы Нургүл Караеванын билдиргени боюнча, “Жашстан” долбоорунун алкагында ар бир локацияга – бир мектептин он беш окуучусунан турган командага 500 долларга чейин грант берилди. Алар өздөрүнүн социалдык педагогдорунун жана устаттарынын жардамы менен ошол грантка ылайыктап долбоор жазышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген