АРИС Оштун жайыт комитеттерине оор техниканын 17 даанасын таратты

АРИС уюму Ош облусунун жайыт комитеттерине атайын оор техникаларды  таратты. Жалпы Ош,  Баткен  жана  Жалал-Абад облустарына 162 даана түрдүү техника алынган.  Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда техникалардын 17 даанасы облустун жайыт комитеттерине тапшылырды. Калган 145 дааанасы жакынкы күндөрү алынып келет.

Маалыматка ылайык  техникалар АРИСтин  “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында таркатылууда.

Жалпысынан уюм тарабынан 2015-2019-жылдары Ош облусуна 539 миллион сомдук техника берилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген