Аравандыктар: сармерденде Ноокатка татыктуу атаандаш болобуз

Араван районунун өнөрпоздору “Ынтымак сармерден” телефестивалына даярдыктарын бүтүп калышты. Район аймагынан чогулган таланттар жана жергиликтүү маданият үйүнүн кызматкерлеринен топтолгон команда ноокаттыктарга татыктуу атаандаштык көрсөтөбүз деген ишеничте.

   «Сармерденеге жалпы 25 киши катышат деп турабыз. Даярдыктарыбыз жобонунун негизинде өтүүдө. Камылга  жалпы 80-90 пайызга бүтүп калды. Азыркы тапта айрым кемчиликтердин  үстүндө иш жүрүп жатат. Кароо-сынакта  жеңишке жетебиз деген үмүтүбүз  чоң», – деди райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Адырбаева.

Эскерте кетсек,  “Ынтымак сармерден” телефестивалынын алкагындагы кезектеги беттеш 14-апрелде Ош шаарында өтөт. Анда  Ноокат жана Араван райондору бет келишмекчи.

“Сармерден” телефестивалын “Ынтымак” коомдук телеканалы Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштуруп жатат.  Буга чейин Чоң-Алай менен Кара-Суу райондору беттешип, чоңалайлыктар кийинки айлампага жолдомо алган.

Сармерден тууралуу бардык маалыматтарды – жобону, өткөрүү графигин, сүрөттөрдү биздин атайын баракчадан көрүңүз.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Ысык-Көл облустук  мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Адилет Иманов  даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген