Аравандагы жол кырсыгынан бир адам каза болду

Ош-Араван автоунаа жолундагы кырсыктан бир адам мерт кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 30-январь күнү  саат 02:00 чамасында Ош –Араван унаа жолундам “Деу Матиз” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу ролду башкара албай, кырсыкка  учураган.  Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири  окуя болгон жерде каза болгон.

Кырсык боюнча Араван РИИБнын тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген