Араванда жазгы талаа иштери башталды

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Азыр жерлер айдалып,  суу арыктары чабылып бүттү. Дыйкандар болсо үрөөндөрүн даярдап себүүгө камынып турушат. Алгач Араванда картошка эгилсе, район жетекчилиги быйыл пахта өндүүрүүгө басым жасап жатат.

Жергиликтүү дыйкандардын айтуусунда  быйыл жаз жылдагыга караганда 10 күнгө эрте келди.  Дыйканчылыктын аймагы болгон Араванда алгач эле картошка эгилет. Андан соң, капуста, түрп, шалгам жашылчаларын отургузуу башталат.

Мына быйылкы жаз дагы келди.  Кыштан чыгып, быйыл үшүк жүрбөй жерибиз кичине катуу  болуп калды. Ошондуктан жерди дагы бир ирет майдалаганга туура келип жатат. Бир жумада эгип баштап жиберебиз деп турабыз. Май айына бышып берсе, жыйнап алып, кайрадан экинчи түшүмдү эгүүгө киришебиз.  Кудай буйруса, дыйкан мээнети акталат деп ишти баштадык“,- дейт дыйкан  Жалалдин Камалдинов.

Жалпы Араван районунда 7 миң гектарга жакын дыйканчылыкка ылайыктуу сугат жер бар. Жергиликтүү  бийликтин билдиришинче, былтыр  Араванда 24 миң тонна картошка жыйналган.  Бул аймакта жыл сайын бир жерден эки түшүм алынат.  Май, июнь айында жыйналган картошканын ордуна кайрадан жүгөрү, күн карама эгишет.

Араван району былтыркы жылы 3 миллиард сомдук  айыл чарба продукцияларын өндүргөн.  Анын ичинен 30 миң тонна дан эгиндерин, 24 тонна картошка, 40 тоннадан ашуун жашылча жемиштери болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген