Араванда төрт жашар бала кудукка түшүп кетип каза болду

Араван районунун Уйгур-Абад айылында төрт жашар бала кудукка түшүп кетип каза болду. Ал окуя болгон учурда үйдүн короосунда ойноп жаткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык 4-февраль күнү саат 15:00 чамасында болгон. Куткаруучулар баланын денесин таап чыгышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришти.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген