Араванда мыйзамсыз шагыл алып жаткан тургунга айып пул салынды

Райондун Араван-Сай дарыясынан мыйзамсыз кум, шагыл алып жаткан тургунга 7 500 сом айып пул салынды. Бүгүнкү күндө каражат толугу менен мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

“Аброрбек Мамадалиев аттуу тургун эч кандай уруксаты жок эле кум, шагыл казып жаткан. Биздин кызматкерлер текшерүү жүргүзүшүп, анан жасап жаткан жумуштары туура эмес экенин түшүндүрүштү. Ага айып пул салынып, белгиленген сумманы мамлекетке төлөп берди”,- деп белгилешти аталган мекемеден.

Кошумчалашкандай, Кыргызстанда мыйзамсыз, өз билемдик менен баалуу кен байлыктарды жана жер кыртышын бузууга тыюу салынган. Мындай иштерге жол бербөө үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекция текшерүү иштерин жүргүзүп турат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген