Араванда курулуп бүтө элек оорукана урай баштады Видео

Маңгыт айылындагы 50 орундуу оорукана 2011-жылы эле курула баштаган. Жумушту этап этабы менен үч жеке курулуш компаниялары жүргүзүп келе жатат. Башталгандан бери 7 жыл өтсө дагы мекеме толук салынып бүтө элек. Себеби каражат толук бөлүнбөй калган. Курулуш узакка созулуп кеткендиктен, оорукана бүтпөй жатып кайра урай баштаган.

Бүгүнкү күнгө чейин курулушка 99 миллион сом сарпталган. Ал эми сметалык баасы 112 миллион сомду түзөт. Андан тышкары медициналык мекемени заманбап техникалар жана эмеректер менен жабдуу үчүн 20 миллион сом керек. Айыл тургундары курулуштун узап кеткенине гана эмес, анын сапатсыз салынып калганын да айтып нааразы болушууда.

“ Буга канча деген  каражат кетти. Ошого жараша кылып бүтүрүшсө болмок да. Сапатсыз экени көрүнүп эле турат. Плиталары олтурган, суу чыккан ушул абалда калып кетти. Эми буга ким жооптуу”,-дейт Маңгыт айылынын тургуну Абдилхамид Абдивалиев.

Оорукана Ош коогалаңынан  кийин түзүлгөн, түштүктү калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын буйрутмасы менен салынып баштаган. Ал мекеме жоюлуп кеткенден кийин өкмөткө өткөрүлүп берилген. Акыркы каражаттар Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бөлүнө баштаган. Учурда курулуш токтоп турат.

“ Курулуш иштери кышта болгондуктан дубалдарынын шыбактары көчүп кеткен. Акыркы учурда  капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан. Бирок бүтүрүү үчүн кетчүү 19 миллион сом бөлүнбөй жаткандыгынан курулуш азыр токтоп турат”,-дейт Араван районунун Маңгыт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Адылбек Мыржанов.

Оорукананын курулуп бүткөрүлбөй жатканына байланыштуу жергиликтүү тургундар башка бейтапканаларга барып дарыланууга аргасыз. Бирок бул айылда Араван райондук №7- Маңгыт үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору деле бар. Деген менен мекемеде дарыланууга толук кандуу шарт жок. Учурда капиталдык ремонтко муктаж.

Ош облусунда курулушу 10догон  жылдардан бери токтоп турган 211 социалдык объектилер бар. Алар бала-бакча, маданият үйлөрү, мектеп жана медициналык мекемелер. Өкмөттүн маалыматына караганда, курулуштарды бүтүрүү үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат талап кылынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген