Араванда күйөөсү аялын бычактап өлтүрдү

Ош облусунун Араван районунда 35 жаштагы киши аялын бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-февраль күнү Араван районунун аймактык ооруканасына 1986-жылы туулган Уйгур-Абад айылынын тургуну М.Г. келип түшкөн. Дарыгерлер бийиктиктен кулап кетип каза болону тууралуу Араван РИИБга кабарлашкан.

РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүзгөн учурда маркум киши колдуу болуп каза болгондугу аныкташкан.

«1-февраль күнү саат 18:30 чамасында Араван районунун Төбө-Коргон айылынын 1983-жылы туулган тургуну М.Т. өзүнүн үйүнүн короосунда аялы — 1986-жылы туулган М.Г. менен көчөт өстүрүүчү парник орнотуп жатып, экөөнүн ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжал учурунда М.Т. бычак менен аялынын ичинин сол тарабына бир жолу сайып жиберген. Анын кесепетинен ал окуя болгон жерде көз жумган. Маркумдун жаракатанын даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды», – деп айтылат маалыматта.

Учурда  окуя боюнча “киши өлтүрүү” беренесининин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген