Араванда акысыз юридикалык кеңеш бериле баштады

Акысыз юридикалык кеңеш берүү кеңсе райондук акимчиликте ачылды. Эми аялуу катмардагы жарандардын өз укуктарын коргоосуна шарт түзүлөт,  -деп ишендиришет уюштуруучулар.

Араван району –  жер талаш жана үй-бүлөдөгү чыр-чатактар көп катталган аймактардын бири. Ушул жылдын башынан бери эле жубайлардын ажырашуусундагы көйгөйлөр боюнча  тиешелүү органдарга жүзгө жакын кайрылуулар келип түшкөн. Бирок булар батынып келгендери гана, бейрасмий маалыматтарга ылайык, калктын басымдуу бөлүгү укугу бузулса да, укук тиешелүү органдарга кайрылууну билишпейт.

Акыркы эки жылда өлкө боюнча 16 райондо акысыз юридикалык кеңеш берүү кеңселери ачылды. Бул аралыкта 32 миң жаран укуктук жардам алып, 90% учурда иш алардын пайдасына чечилген.

Юридикалык кеңсе БУУнун Өнүктүрүү программасы менен Юстиция министрлигинин колдоосунда ачылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.