Араванда 3 тонна пахта күйүп кетти

Ош облусунун Араван районундагы пахта сактоочу кампада 3 тонна пахта күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрт 7-декабрга караган түнү,  Араван районунун Тепе-Коргон айылындагы пахта тазалоочу ишкананын кампасынан чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоо,  тамеки тартуудагы этиятсыздыктан болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген