Араван районунун мурдагы имамынын иши кайра каралат

Ал буга чейин Кыргызстанда тыйуу салынган диний агымдардын видео материалдарын мыйзамсыз сактап отургандыгы аныкталган. Бул тууралуу Араван райондук соту райондун мурдагы имамы Сайит Бурхан ажыны 3 жылга эркинен ажыраткан. Бул жолу соттолуучунун жакындары жана айыл аксакалдары райондун мурдагы имамына адилетсиз чечим чыгарылгандыгын айтып чыгышты.

Сайит Бурхандын жакындары мурдагы имамды ак жеринен камалды деп билдиришүүдө. Ага эки иш боюнча кылмыш козголуп, Жарандарды Сирияга азгырууга жана тыйуу салынган диний уюмдардын материалдарын мыйзамсыз сактоого шектелген. Анын үйүн тинтүү учурунда тыйуу салынган уюмдун материалдары табылган.

“Далилденбей камалды себеби биз өтүнүч келтиргени жетишпей калдык. Буйурса биз облустук сотко комиссиялык экспертиза дайындоону өтүнөбүз. Эгер ал ишке ашса бул иш боюнча акталып кетүүсү мүмкүн”,-дейт айыпталуучунун адвокаты Нургүл Имарова

Мурдагы дин өкүлүнө тагылган дагы бир айып, жарандарды Сирияга үгүттөөгө шектелген. Ага далил катары имамдын шагирти көрсөтмө берип, бул боюнча дагы кылмыш иши козголгон. Өз билдирүүсүндө имамдык колунда билим алган жигит колунда окуган балдарды Сирияга үгүтөгөн учурлар көп болгонун айтат.

“Сайит Бурхан элдерге башканын сүйлөйт эле көчөдө эл топтолгон жерлерде мечиттерде, Жигатка каршы суйлоп мага киргенде эле башканы айтат болчу. Ал молдо  адамдарга аппак болуп көрүнуп калган экен. Ички дүйнөсү андай эмес”,-дейт Ноокат районунун тургуну  Мухаметнасыр Насирдинов

Мухаметнасыр өз билдирүүсүндө Сайит Бурхан аны Сирияага жөнөткөн учурда жарым жолдон качып кеткенин айтат. Бирок бул айыптоолор райондук сотто толук далилденген эмес. Бул иш боюнча Мухаметнасырдан башка күбөлөр табылбагандыгы ырасталган.

Соттук териштирүүдө мурдагы имамга коюлган экинчи айып тыйуу салынган уюмдардын материалдары болууда. Бул иш боюнча коюлган айыптар толук далилденгендигин укук коргоочулар айтышууда.

“Корутунду бар экспертизанын анын негизинде тыйуу салынган уюмдардын материалдары бар экендиги аныкталган”,- дейт Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов.

Айыпталуучу тараптын жактоочусу Ош облустук сотуна арыз менен кайрылды. Анын негизинде бул ишти эми облустук сот карай баштайт. Эске салсак, Сайит Бурхан 2015-жылга чейин Араван районунун имам хатиби болуп иштеп турган. Ал өз арызы менен кызматтан кетип, акыркы учурларда мечит медреселерде окутуучу болуп иштеп жүргөн.

Текст: Марат Акимбек уулу

Видео:  Нурсултан Абдыкерим уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген