Араван: насыя акча алгандардын чырын укук коргоо кызматкерлери чечип жатышат

Араван районунун Мангыт айылын тургуну Сонайым Момунова бир жыл мурун үч аялга 30 пайыздык үстөк менен акча берген. Андан бери насыя алгандар ар он күндө карыздарын төлөп турушкан. Бирок кайтарган акчаны эсепке албай, насыянын суммасын жогорулатып жибергенин айтып жатышат. Сонайым Момунова болсо насыя алгандар каражатты кайтарбай, качып жүргөнүн белгилөөдө.

Сонайым Момуновадан үч аял 5 миң сомдон 40 миң сомго чейин акча алышкан. Өз ара  келишим боюнча ар он күн сайын 30 пайыздык үстөк менен карыздан кутулуп турушары макулдашылган. Бирок Момунова кайра эле бир жыл ичинде насыянын үстөгүн бир топ жогорулатып салган. 5 миң сом насыя алгандары 80 миңден ашуун акчага карыз болуп калган.

“Акчанын үстөк пайызын эки эсе жогорулатып жиберди. Биз убагында төлөп турганбыз. Бирок Момуновадан карызды төлөгөнүбүз тууралуу тастыкточу кагаз алган эмеспиз. Ошондуктан аны далилдей албай жатабыз”,-деди Араван районунун тургуну Барниса Төлөнова.

Сонайым Момунова болсо чын эле 3 аялга насыя бергенин танбайт. Айтымында, алар акча сурап келишкенде, банктан насыя катары алган 70 миң сомун да берип турган. Ал боюнча атайын тил кат дагы жаздырып алган. Бирок андан бери бир жыл убакыт өткөнү менен берген каражатты кайтара албай убара тартып келе жатат.

Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Максатбек Рахматжан уулунун айтымында, насыя боюнча пикир-келишпестике укук коргоочулар дагы тартылган. Алардын аракети менен Сонайым Момунова менен пайызга акча алгандар жүзмө жүз жолугушту. Жыйынтыгында карыз берген Момунова акчаны пайызсыз негизги гана суммасын ала турган болду.

Кошумчалай кетсек, Быйыл Араван районунда алдамчылык беренеси боюнча 41 кылмыш иши козголгон.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген