Арабыздагы каармандар: Таир Турсуналиевдин окуучулары анын изги тилегин орундатышты

Оператор ар дайым кадр сыртында калат. Анткени анын кесиптик тагдыры ошондой тура. Бирок биз баарыбыз дүйнөнү дал ушул инсандардын көзү менен көрөбүз. 

Таир Турсуналиев өз окуучуларына жакшы кадр тартуу үчүн  аны жашап өтүү керектигин үйрөткөн. Журналистиканын мыйзамы боюнча кандай кырдаал жаралбасын, сен ар дайым бейтарап болушуң керек. А жашоонун мыйзамында  жумушунду сүйүп, аны майын чыгара жасай билсең, сен анын бир бөлүгү катары бааланасың. Эгер ушунун баарын аткара албасаң,анда кесип аркалоонун эмне кереги бар? Бул Таир Турсуналиевдин бизге берип үлгүргөн эң негизги насааты,сабагы.

Ал бизди өзүнүн мүнөзү, баскан-турганы, жасаган эмгектери анан албетте кылымдарга сакталчу кадрлары менен тарбиялады. Мунун баарын айта берсек бүтүндөй бир тарых.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz