Мүмкүнчүлүгү чектелүү Нияз өз операциясына чогулган акчаны башкаларга берди

Нияз Сундиталиевдин окуясы Казакстандагы бардык телеканалдар, маалымат сайттарына тарады. Азыр жаш жигиттин тагдырына бүт өлкө назар салып турат, мүмкүнчүлүгү чектелүү Нияз айрым дени сак адамдарга караганда коом үчүн көбүрөөк пайда алып келүүдө. 

Нияз Карагандада жашайт. Анын окуясы төмөндөгүдөй болгон. Беш жыл мурун төртүнчү кабаттагы терезеден кулап кетип, арткы омурткасын сындырып алган. Бул окуя жигит жогорку билим тууралуу диплом алгандан бир жума өткөндө жүз берди.

Жараат алгана чейин ал көп саякаттачу, парашют спорту менен алектенип, жеке компанияда иштегенге үлгүрдү. Ушунун баары заматта талкаланып, кыймылсыз жашоо кирип келди.

Дарыгерлер ага өз алдынча кадам таштоого 10 жыл убакыт керек деп, реабилитацияга киришишти, психологдор үмүт отун жандырса, достору болсо чет жерде дарылатууга акча топтой башташты.

Карагандада Ниязды колдоо үчүн акциялар толкуну жүрө баштады. Көптүн күчү менен бир нече жылда 5 жарым миллион тенгенден ашык акча чогулду. Нияз өз оорусу тууралуу маалыматты териштирип, дарыгерлер менен маектешкен соң, жакынкы жылдары ага операция керек эместигин түшүндү. Ал чогулган каражатты көбүрөөк муктаж болуп тургандарга берүүнү чечти.  Акчанын бир бөлүгүн майып балдардын реабилитация борборуна, калганын “Боорукердик” кайрымдуулук фондуна которду. Анын  жардамы менен үмүтү өчкөн көп адамдын жашоого болгон каалоосу кайрадан жанданды.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz