Араб өлкөлөрү Катар менен мамилени үздү

Сауд Арабия, Египет, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирлиги Катар менен дипломатиялык мамилеге чекит коюшту. Аталган 4 өлкө Катарды аймактарды дистабилдештирүүдө деп айыптап жатышат. Ал мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү Доха “Мусулман агайындар” деп аталган жана башка террордук уюмдарды колдойт деп айтышууда.

Маалым болгондой, Сауд Арабия Катар менен баардык байланыштарды үзүп, суудагы, кургактагы жана аба каттамдарын токтоткон. Саудия бийлигинин билдирүүсүндө, мындай кадам менен ички коопсуздукту терроризм жана экстремизмден сактоону көздөп жатышат.

Ал эми БАЭнин бийлиги Катардын дипломатиялык кызматкерлерине өлкө аймагынан чыгып кетүүсү үчүн 48 саат убакыт берди. Абу-Даби аталган мамлекетти террорчуларга каржылык жардам көрсөтүп турат деп күнөөлөөдө. Египет жана Бахрейн да ушундай эле айыптоолордон улам Доха менен мамилени үзгөнүн кабарлашты. Ал эми бул кадамдар боюнча Катар бийлигинен азырынча жооп боло элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.