Ара жолдо калаган айыл: 150 үй-бүлө суусуз кантип жашап жатат?

Ош шаарынын Озгур айылындагы Дача участкасында 150 үй-бүлө суусуз күн кечирип келет. Алар ичүүчү сууну эле эмес, дыйканчылык үчүн да сууну акчага сатып алышат. Тургундардын көйгөйү муну менен эле бүтпөйт.

Калия Жорубаева Озгур айылындагы Дача участкасына көчүп келгенине 15 жылдан ашкан.  Ошол убактан бери сууну шаардан сатып келип колдонот. Суу кампасын бир жылда 7-8 жолу  толтуруп алат. Шарт жоктугунан тажап, үйүн сатсамбы деген ойго келгенин айтат. Бирок турак жайынын кызыл китеби жок.  Анткени буга чейинки ээсинен акт менен гана сатып алган.

“Суу чыгып калса жашообуз жакшырып кала эле, жашообуз жеңилирээк болуп калмак.  Быйыл сууну 1800 сомдон сатып алып, 6 жолу кампага куйдурдум. Жазда бактарымы да ушул суу менен сугарам. Баарына ушул акчага келген суу жумшалат.  Жаман болуп кетет, айла жок кайнатып колдоном. Анан эми мен ушул жашымда кайда кетет элем, кете да албайт экем да”, – деди Дача участкасынын тургуну Калия Жорубаева.

Дача участкасында Калия Жорубаева окшогон 150 үй-бүлө бар.  Дээрлик баарында эле окшош көйгөй.  Жалпы 400 адамга 5 сотыхтан жер тилкеси бөлүнгөн. Калгандарынын көчүп келбей жатканына да шарттын жоктугу себеп. Турак-жайынын документтери жоктугунан улам каттоого тура албай жаткандыгы  бир маселе болсо, аймакта суунун чыкпагандыгы менен жолдордун абалы  өзүнчө көйгөйдү жаратат.

Озгур айылынын жогору тарабынан орун алган участоктун башкы планы да иштелип чыккан эмес. Бул  болсо, айылда социалдык мекемелерди курууга, жолдорду оңдоого тоскоолдук жаратып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.