Ара төрөлгөн беш гений

17-ноябрь – Ара төрөлгөн балдардын күнү. Бул күн 2009-жылы Европа фонду тарабынан айынан эрте төрөлгөн балдарды коргоо жана аларга кам көрүү максатында демилгеленип, 8 жылдан бери маанилүү даталардын катарында турат.

Медицинада 37 жумадан эрте дүйнөгө келген наристе ара төрөлгөн болуп эсептелип, адатта салмагы 500 граммдан 2500 граммга чейин жетсе, бою 45 сантиметрди түзөт.

Дүйнөдө жылына 15 миллиондун айланасындагы балдар өз убагынан эрте жарыкка келип, орточо эсеп менен алганда ар бир 10- бала ара төрөлөт. Алардын бир миллиондон көбүрөөгү төрөлгөндөн кийин чарчап калышса, кээ бирлери ар кандай оорулардын курмандыгы болуп же акыл-эсинин өсүүсү жагынан бир топ тоскоолдуктарга дуушар болушат.

Убагынан эрте төрөлүүнүн негизги себеби – аялдардын кош бойлуу кезинде ар түрдүү дары-дармектерди колдонушу, туура эмес тамактанышы, узак жолго чыгып, көп убакытка чейин автоунаада жүрүшү же күнүмдүк түйшүктөн чыга албай, оор жумуштарды жасаганы эсептелет. Ошондой эле стресс, депрессия, көп ойлонуу, чаржайыт жыныстык катнашта болуу, катуу коркуп калуу дагы баланын эрте төрөлүшүнө шарт түзөт.

Көпчүлүк энелер ара төрөлгөн балдар үчүн кооптонот. Анткени убагынан эрте төрөлгөн балдарга кам көрүү бир топ түйшүктөрдү пайда кылуу менен бирге, курсагын тойгузуу, ден-соолугуна кам көрүү да кыйын. Мындай тынчсызданган энелердин катарында дүйнөдөгү белгилүү айымдар дагы бар. Алар: актриса Жейн Сеймур, ырчы жана актриса Шабели, Мадонна, Хизер Милз жана Селин Дион.

Ара төрөлгөн балдардын баары эле ден-соолугу чектелүү болуп же чарчап калышпайт. Көпчүлүк эрте төрөлгөн балдар жашап эле кетпестен, ийгиликке жетип, гений аталгандары да бар. Алардын сап башында италиялык сүрөтчү, скульптор жана архитектор Леонардо Да Винчи турат. Ал 1452- жылы 15-апрелде 900 грамм салмакта төрөлгөн. Леонардону баары өлүк төрөлдү деп ойлоп, бир канча убакыттан кийин гана ымыркайдан  жашоонун белгилерин байкашкан. Ал кезде келемиштей салмактагы ымыркай  67 жашка чыгып, тарыхта улуу гений катары аты каларын эч ким ойлогон эмес.

Исаак Ньютон дагы ара төрөлүп, өтө кичинекей болгондуктан, аны өздөрүнүн салты боюнча сууга да чөмүлдүргүлөрү келген эмес. Эч ким анын жашап кетээрине ишенбей, ата-энеси үмүтүн үзүп койгон. Ньютондун апасынын айтуусу боюнча, аны сыра ичкен кружкага салып койсо да болоор эле. Ошого карабастан ал 84 жыл жашап, классикалык физиканын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп калды.

Ал эми Наполеон Бонапарт 900 грамм төрөлгөн. Мындай өтө аз салмактагы, алсыз наристени император болот, тарыхка өчпөгөн ат калтырат деп эч ким ойлогон эмес.

Немис философиясынын негиздөөчүсү Иммануил Кант дагы айынан эрте жарыкка келген. Ал төрөлгөндө ден-соолугу аябай начар болуп, көргөн адамдын аео сезимин козгогон наристе болгон экен. Бирок ал 80 жылга чейин өмүр сүргөн жана азыр анын ысымы дүйнөгө белгилүү.

Дагы бир гений, заманбап физиканын негиздөөчүлөрүнүн бири Альберт Эйнштейн дагы ара төрөлгөн.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz