Ар улуттун аспаптарында кол ойноткон балдар

Ошто музыкага шыктуу балдар ортосунда этнофестиваль болуп өттү. Анда мектеп окуучуулары ар кыл аспаптарда кол ойнотушту. Иш-чара “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Достукту, ынтымакты чыңдоо” долбоорунун алкагында, этноансамбль ийрими тарабынан колго алынган. Анда негизи улуттар аралык мамилени чыңдоо максатталган. 

Ал жердеги балдар арасында ооз комуз менен кыргыз атрибуттарынын бири болгон гимнди черте алгандар бар. Ооз комуздан башка да орус, өзбек элдеринин улуттук аспаптарында кол ойнотушат. Ийримде улуттук аспаптарды үйрөнүп келе жаткан 30 чакты бала бар. Алар өз улутунун эле эмес, башка элдердин да аспаптарын үйрөнүп келе жатышат. Баарынын  башын бириктирип, музыка дүйнөсүнө жетелеген “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин этноансамбль ийрими.

Ийрим жетекчисинин айтымында балдар ар мектептен чогулган. Көбүнчө аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн балдарын тартууга аракеттенишет. Алар кайсы улуттук аспапты ойногусу келсе, ийрим тарабынан акысыз үйрөтүлөт. Балдар башка улуттардын аспаптарын ойноо аркылуу аларга болгон сый-урматы күчөйт дешет адистер.

Этноансамбль ийрими Ош обусунун Кара-Суу районундагы калк көп жайгашкан Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүндөгү айрым мектептерде, “Достук ынтымакты чыңдоо долбоорунун алкагында” 2 жылдан бери иш алып барат. Адистердин айтымында аталган долбоор дагы 2 жылга узартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген