Ар бир балага жөлөкпул! Демилге канчалык ишке ашат?

Кыргызстанда ар бир балага жөлөкпул чегерүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Мында азыркыдай үй-бүлөнүн кирешеси, жарандардын материалдык абалы эске алынбайт. Бирок 700 сом өлчөмүндөгү пособие 3 жашка чейинки балдарга гана ушундай тартипте берилет.

Эгер үй-бүлөдө үчтөн көп бала болсо, анда төртүнчү же андан кийинкилерине 16 жашка чейин 500 сомдон жөлөк пул ажыратылат. Мындан сырткары төрөлгөн ар бир ымыркайга мамлекет тарабынан бир жолу берилүүчү 4 миң сом сүйүнчү пул чегерүү каралган.

 “Үй-бүлө кирешесин эсепке албастан, 3 жашка чейинки балдардын ар бирине бирдей жөлөкпул чекегерилет. 3 жаштан 16 жашка чейинки 3төн ашык балдары бар үй-бүлөлөрдүн төртүнчү баласынан баштап каражат төлөнөт. Ошондой эле тийиштүү документтердин саны кыскарат. Баланын күбөлүгү жана ата-энесинин паспорту гана керектелет”, – деди демилгечи депутаттардын бири Карамат Орозова.

Депутат кошумчалагандай, мыйзам долбоор кабыл алынса,  документ күчүнө кирген күндөн тарта төрөлгөн балдарга гана жаңы ыкма менен жөлөкпул чегерилет. Азыр пособие алып жаткандар эски системада кала беришет.

“Азыр иштеп жаткан мыйзамда коррупцияга жол берилип жатат. Ушул мыйзамды кабыл алып жатканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул беребиз деген жакшы максат коюлган. Тилекке каршы, ал ишке ашпай калды. Документ топтоштурууда көп акча кетээрин айылдагы соцкызматкерлер да иликтеп чыгышкан. Бул жер-жерлерде чоң көйгөйдү жаратып жатат. А жаңы демилгеленип жаткан долбоор боюнча эч кандай киреше каралбайт. Буга чейин айлыгы жогору болсо, кредит алса, унаасы болсо пособие ала албай калчу. Чындыгында алар социалдык колдоого муктаж”, – деди депутат Аида Касымалиева.

Ар бир балага жөлөк пул чегерүү көп балалууларды колдоо максатын көздөйт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү учурдун талабы экенин белгилейт.

“Буга чейин үй-бүлөнүн каражатынын, ички кирешесинин негизинде жөлөк пул чечгерилчү. Эми ар бир төрөлгөн балага 3 жашка чейин жана көп балалууларга 4 баласы болсо, бирөөнө гана 3 жаштан кийин 500 сомдон төлөө сунушталып жатат”, – деди эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова.

Быйыл мартта толукталган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, салык кызматында ишкер катары катталгандардын балдарына жөлөкпул чегерилбей турган болгон. Кошумчаланган пунктан улам жер үлүшү, автоунаасы барлар жөлөкпул ала албай калышты. Ошол учурда бул өзгөртүү мамлекеттик бюджеттен акча үнөмдөө максатында ишке ашырылган деп сындалган эле.

Балдарды коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн баамында,  жөлөк пулга байланышкан жаңы мыйзам долбоорун кабыл алуу бүгүнкү күндүн талабы. Буга чейин пособие алууда бир топ көйгөйлөр жаралчу. “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун жетекчиси Өлмаскан Жумабаева эски иштеп жаткан мыйзамдагы кемчиликтер жаңы мыйзам ишке ашса кайталанбайт деп ишенет.

“Ар бир балага үч жашка чейин, көп балалууларга 3 баласынан кийинкилерине жөлөк пул берүү чынында ал үй-бүлөгө жардам бере алат. Буга чейин көп кемчиликтер болуп келген. Мисалы, ал үйдө пенсия алган адам болсо, анын кирешеси да эсептелип, көп балалууларга да пособие чегерилбей калчу. Эч нерсесине карабай, сүйүнчү пул берүү да энелер үчүн өтө жакшы нерсе, ар бир төрөгөн эне сүйүнчү пул алууга татыктуу! Ошондой эле документтештирүү электрондук ыкмага өтөт деп айтылып жатат. Жаңы мыйзамда коррупциянын алдын алуу аракеттеи жакшы байкалып турат”, – деди Өлмаскан Жумабаева.

“Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун жетекчиси ата-энелер 3кө чейинки баланы камсыздай алат деп кошумчалады. Жүргүзүлгөн мониторингдердин аягында мына ушундай статистика чыгарылган.

Бирок бул мыйзам долбоору чийки жана аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгы толук эске алынбай калган дегендер да бар.

“Мисалы, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн эки баласы бар дейли. Алар 3 жашка чейин гана жөлөкпул алат, азыркыдай 16 жаш эмес. Ошондо 13 жылдык материалдык колдоодон куру калышат. Дагы бир жагдай – адатта аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көп балалуу болушат. Беш балалуулар чүрпөлөрү үч жаштан өткөндөн кийин эки гана балага пособие алып калышат. Мисалы мурда 5 балага орточо 3400 сом алса, азыркы сунуш боюнча үч жаштан өткөндөн кийин эки гана  баласына 500 сомдон 1000 сом гана алып калат”, – дешет мыйзамга каршы чыккандар.

Жаңы мыйзам кабыл алынса, жөлөкпул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд сом керек болот. Учурда жөлөкпул үчүн 6 млрд сом бөлүнөт.

Ушул тапта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын орточо 800 сомдон төлөнөт. Пособие 90 миңге жакын үй-бүлөгө же 279 миң балага берилет. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору өтүп калса,  660 миң бала пособие алат.

Мыйзам долбоорун демилелеген депутаттык топ азыркы социалдык колдоо системасы эскиргенин жана максатына жетпей жатканын айтышат.  Анткени жөлөкпул чегерүүдөн жакыр үй-бүлөлөрдүн материалдык абалы жакшырып кеткен жок. Анын үстүнө мамлекеттин жардамы дарегине жетпеди. Буга кошо көпчүлүк пособие алуу үчүн чыныгы кирешесин жашырып, көмүскө экономикага өтүп кеткен.

Депутаттардын пикиринде сунушталып жаткан долбоор жакырчылыкты улам жараткан айлампаны токтотуп, социалдык коргоо жаатындагы коррупциянын алдын алат. Экинчиден, коомчулукта теңсиздик жоюп, социалдык туруктуулукту алып келет дешет. Алар сунуштары өтсө өлкөдөгү жакырчылык 32%дан 28%га чейин кыскарат деген ишеничте.

“Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам долбоору  профилдик комитетте үчүнчү окууда кабыл алынды. Эми ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Демилгечи депутаттар – Ч. Турсунбеков, К. Орозова, Г. Молдобекова, Т.Тиллаев, У. Примов, А. Токторов, А. Самигуллина, О. Артыкбаев, А. Осмонова, Ж. Мусабекова, А. Алтыбаева, А. Жээнбеков, А. Касымалиева.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген