Антонина Шевченко UFC уюмундагы 1-жеңишине жетти

Мекендешибиз Антонина Шевченко UFC уюмунда кореялык мушкер Жи Йонг Кимди  утуп алды. Бул жөнүндө аталган уюм өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты. 

Беттеш,  бүгүн 1-декабрда АКШнын Лас –Вегас шаарында TUF 28 турниринин алкагында 57 кг салмак категорияда өткөрүлдү. Анда эки мушкердин урушу 5 мүнөттөн үч раундка уланып, жыйынтыгында  3 калыстын бирдей чечими менен  Антонина  Шевченко  жеңишке жетти.

Белгилей кетсек,  Антонина Шевченко атандашы андан 3 кг оор болгонуна карабастан уруш өткөргөн. Ошентип мекендешибиз UFC турниринде алгачкы жеңишин камсыздады. Ал эми кореялык Жи Йонг Ким UFC де 2 утуп, 2 жолу жеңилүү ызаасын тартууда.

Эске салсак, тай бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Антонина Шевченко бир аз мурун ММА ге өтүп, UFCнин тандоо турунда америкалык Жаймелин Ньевераны уткан болчу.

Эми мекендешибиз UFC уюму менен 6 беттешке келишим түзүшү мүмкүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген