Англияда алманы жеткирүүгө буйрук берген адам жемиштин ордуна iPhone алды

Британиялык Ник Джеймс азык-түлүк салынган сумкадагы жаңы iPhone үлгүсүндөгү телефонду көрүп таң калган. Ал жергиликтүү супермаркеттен алманы жеткирүүнү буйруган, бирок  маркетте акция жүрүп жатканынан кабардар болгон эмес. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.  

Маркеттин кызматкерлери 50 жаштагы кишиден сюрприз издеп, баштыгын караганын суранышкан. Джеймс Пасха майрамындагы жумуртка болушу мүмкүн деп ойлогон, бирок анда iPhone SE табылган.

 «Мен сюрприз Пасха жумурткасы же башка нерсе болот деп ойлогом. Башкасын айтпаганда, мен абдан тан калдым», – деди бактылуу адам.

Көрсө, Ник Джеймс жума сайын өтүүчү акциянын жеңүүчүсү болгон.  Супермаркет кардарларына бекер iPhone, AirPods жана Samsung шаймандарын тараткан.

“Алмага буйрук берсеңиз, Apple iPhone SE телефонуна ээ болосуз!», – деп жазылган супермаркеттин жарнамасында.

Ник Джеймс буга кубанып, твиттердеги баракчасына жакшы жаңылык менен бөлүшүп, смартфонду уулуна бергенин жазган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.