Андижан – Ош автобустук каттамы жанданды

Андижан – Ош автобус каттамдары жанданды. Бул тууралуу Өзбекстандын транспорт министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Аталган маалыматты Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү дагы тастыктады.

Анда, шейшемби күнү кыргызстандык “Транс-ордо” компаниясы 12 заманбап кичи автобусту ишке киргизгени тууралуу айтылат. Бул каттам боюнча кыймылдар 2019-жылдын сентябрь айынын аягында башталган.

Былтыр пандемияга байланыштуу бул каттам токтотулган болчу.

Анжияндан Ошко чейинки аралык 45 чакырым.

Министрлик эки өлкөнүн жарандары акыркы 72 сааттын ичинде коронавирус инфекциясы боюнча ПЦР анализин тапшырышы керектигин эске салды. Ошондой эле, Өзбекстандын жарандары саякаттоо үчүн биометрикалык (чет өлкөлүк) паспортко муктаж.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.