Америкалык окумуштуу дудук адамдар үчүн сөздүк ойлоп тапты

АКШ дагы Колумбия университетинин окумуштуулары адамдын мээсиндеги ойлорду  сөздөргө которо алган сөздүктү ойлоп тапты.

Колумбия Университетинин Цукерман институтунун изилдөөчүлөрү ,бир адамдын мээсиндеги ойлорду изилдеп чыгып ,мээдеги сигналдарды сөздүктөргө которуп чыккан.

“ Сүйлөө –бизди айлана менен байланыштырып турган эң негизги курал.Ансыз жашоо өтө кыйын. Биз өнуккөн технологиянын жардамы менен сүйлөй албаган адамдын ойлорун угуп көрдүк. Бул эмгегибиз,сүйлөй албаган адамдарга айлана менен байланышууга мүнкүнчүлүк берет”- деди Нима Месгарани.

Маалыматтарга ылайык бул ачылыш ишке ашса,сүйлөө жөндөмүнөн ажыраган адамдардын ойлорун окууга мүнкүнчүлүк түзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген