Америкадагы уникалдуу эгиздер. Фото

Коомчулук эгиз эже сиңдилер Бриттани жана Брианинин укмуштуудай окуясын угушканда алгач ишенишкен жок. Анткени мындай окуялар кинолордо гана кезигет деп ойлошчу. Бирок, бул эгиздердин окуясы жер жүзү көптөгөн кызыктарга бай экенин дагы бир жолу далилдеди.

Америкалык эгиз эже-сиңдилер бала кезинен эгиз балдарга турмушка чыгууну арзуу кылышкан. Алар жөн эле турмуш курууну эмес, эгиз жигиттерге ашык болуп, кызыктуу махабат баяны болууну да кыялданган. Жыл айланып алардын балалык кыялы ишке ашты.

Бул күн Огайолук коноктор үчүн эстен кеткис кош майрам болду.

 

Эгиз кыздар эгиз балдарга турмушка чыгышты.

 

 “Бизге эгиз балдарга турмуш курушубуз мүнкүн эместей сезилчү. Анткени адамдар ар түрдүү да. Бирок жылдыздарыбыз келишип эжем экөөбүз чогуу турмушка чыктык. Биз чогуу той берип гана калбадык, чогуу идеялдуу адамыбызды да таптык” –дейт эгиздин түгөйү Бриттани.

 

 

Эгиз түгөйлөр бири-бири  менен фестивалда таанышып калышкан.

 

Таң калыштуусу эгиз балдар да эгиз кыздарга үйлөнүү үчүн издеп жүрүшкөн экен.

 

Ал тургай эгиз балдар Слейерстер болочок колуктуларынын колдорун чогуу 2-февраль күнү сурашкан. 02.02. Баары пландуу.

 

Болочокто кош түгөйлөр чогуу жашап, балдарын да чогуу тарбиялоону пландоодо.

 

Түгөйлөрдүн чач жасалгасы , көйнөктөрү да окшош болуп, алардын катоого алган кызматкерлер да эгиз болушкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.