Америкадагы “Лурей үңкүрү” – жаратылыштын сыйкыры Фото+видео

Америкада туристтер көп барчу жерлеринин бири – бул, “Лурей” үңкүр музейи. Анын расмий табылышы катары 1878-жылдын 13-августун айтышат. Аны жергиликтүү 3 тургун табышкан экен.

Жер алдына кирип кеткен үңкүрдөгү көрүнүш жомоктогудай элес калтырат. Андагы салаңдап жана тикесинен турган таштар – илимий тилде айтканда, сталактит же сталагмит ыкмасында мындан 7 млн жыл башта пайда болгон дешет. Алардын геологиялык активдүү өсүүсү токтобойт, 7 жарым жылда бир куб сантиметрге өсүп турат экен. Үңкүр Вирджиниядагы Лурей шаарчасынын жанында жайгашкан. Бул жер дүйнө жүзүндөгү эң чоң үңкүрлөрдүн бири катары эле белгилүү болбостон, туристтердин да көп келгени менен айырмаланат.

Үңкүргө кире бериш жери...

Жон Шеффер, Лурей Кавернс үңкүр мезейинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы:

-Үңкүр өзүндөй сакталган. Бирок өзгөрүлгөндөрү бар, алар адамдар жүрүүчү жолдор. Анткени үңкүрдүн “Улуттук” деген макамы бар. Ошондуктан биз эч нерсени өзгөртө албайбыз. Бул жерге келгендерди “Гиганттар” деген жери кызыктырат, себеби ал жер эң төмөндө жайгашкан жана чоң. Ошондой эле ал жерде аябай чоң сталактиттер бар. Ал эми экинчиси – ушул биз турган жери. Туристтер бул жерге да аябай кызыгышат. Анткени мында дүйнөдөгү эң чоң музыкалык инструменттердин бири болгон “Арган” коюлган.

Биз барган учурда анын мааракелүү датасын белгилөөгө камынып жатышыптыр. Бул күндү белгилөө үчүн даярдыктар алдын ала көрүлөт: кызматкерлер үңкүрдүн ичин түрдүү түстөгү жарыктар менен, айрыкча шамдарды жагып кооздошот. Биз алардын даярдык иштерине күбө болдук.

1974-жылы үңкүр – улуттук деңгээлдеги жаратылыш эстелиги катары жарыяланган. Ошондой эле Америкадагы эң жакшы киреше таба турган коммерциялык тармак катары да эсептелинет.

Үңкүрдүн боорундагы таштардагы белгилерден улам бир кездери кислоталуу суу толуп калган экен деген бүтүм чыгарышкан. Анын ичинде жылы бою 12°C температура сакталып турат.

Лурей үңкүрү – негизинен бор жана акиташтан куралган. Шыптан аппак болуп, сарыккан бордун тамчылаганы көрүнүп турат. Ал эми башка жактарынан курамында темир менен ылайдын да аралашмалары болгон кызыл, сары тамчылалары байкалат.

Үңкүрдүн ичинде өзгөчө делген жерлери көп. Алардын бири – жазда пайда болчу “Максаттар көлү” болсо, дагы бири тыйындар толгон “Жакшы тилектер” суусу. Бирок биз тыйындарды көрө алганыбыз жок, мүмкүн жыйнап койгондур…

Суунун тунуктугунан ылдый карасаң өйдөсү көрүнөт, өйдө карасаң, ылдыйы көрүнөт. Ушундай кооздук да туристтерди өзүнө тартып турса керек.

Анын бөлмөлөрү түрдүү тереңдикте жайгашкан, эң чуңкур жана өйдөдөгү галереялары дээрлик 80 метрдей айырмада турат. Ичи жакшы кооздолгон.

Туристтер көп келгендиктен, алар үчүн эстелик буюмдарды сатып алууга да шарттар каралыптыр. Лурей шаарчасын жана үңкүрүн чагылдырган кийимдерден тарта, таштардан жасалган көркөм, кооз буюмдар адамды кызыктырбай койбойт.

Лурей үңкүр музейинин жанында автоунаалардын музейи да жайгашыптыр. Ал жерде бир эле Америкада жасалган эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде да чыгарылган машиналардын макеттери турат.

Алардын түрдүү түстөргө боелген кооздугу, көлөмү менен дизайндары конокторду өзгөчө куштар кылат. Жөнөкөй арабадан башталып, өзү жүрүүчү унааларга чейин каз-катар тизилген музей экспонаттары адамзатынын өткөн, бирок жакынкы эле тарыхынан кабар берип турат.

     

      

Бул үңкүр тууралуу видеодон да таанышыңыз:

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген