Америкада коронавируска каршы вакцина 45 ыктыярчыга сайылды

Коронавируска каршы алгачкы вакцина америкалык изилдөөчүлөр тарабынан сыналып жатат. Бул тууралуу bbc.com сайты жазды.

Вакцина 45 ыктыярчыга сайылып, каражат тыкыр текшерүүдөн өткөндүгүн аны иштеп чыккан Moderna Therapeutics компаниясы билдирди.

“Каражат эң жогорку стандартта иштелип чыкты. Анын курамында адамга зыяндуу эч нерсе жок. Изилдөөгө катышкан адамдар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп жатышат”, – деп билдирди лондондук дарыгер Джон Трегонинг.

Изилдөөчүлөр чыгарылган вакцина жакшы жыйынтык берип, коркунучтуу инфекция менен күрөшө алат деп үмүттөнүшүүдө.

“Вакцина ыктыярчыларга ар кандай дозада, ар 28 күндө колуна сайылат”,- деди дарыгер.

Эгер вакцина сыноодон өтүп, жакшы жыйынтык берсе, анда каражатты өндүрүп чыгуу үчүн 18 айга чейин убакыт талап кылынаарын изилдөөчүлөр кошумчалашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген