Америка коронавируска каршы күрөшкө 2 триллион доллар бөлдү

АКШнын Сенаты менен Конгресси узакка созулган катуу талкуулардан кийин коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2 триллион доллар бөлүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул каражат америкадагы жумушчуларды колдоого жана бизнести калыбына келтирүүгө жумшала турганын nytimes жарыялады.

Вирус Американын экономикасын катуу алсыратты. Буга чейин АКШдагы алдыңкы 5 чоң делген компаниялардын баалуу кагаздарынын баасы 1 триллион долларга түшкөнү маалым болгон. Алар: Apple, Facebook, Amazon, Google, Microsoft.

Америкада вирусту жуктургандардын саны абдан бат өсүүдө. Күнүнө 10 миң адам жуктурганы кабарланууда. Ошол эле Кытай, Италияга салыштырганда АКШда коронавирусту жуктургандардын саны тез кетип атат. 25-мартка карата илдет 55 330 адамга жугуп, 800дөн ашык адам каза болгону айтылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндөгү статистика дүйнөдө COVID-19ду жуктургандардын санын 420 миңден ашты. Алардын ичинен дүйнө боюнча 100 миңдейи айыгып, 20 миңге жакыны көз жумганы кабарланууда.

Коронавирус: АКШда күнүнө 10 миңдеп катталууда

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген