Амангелди Исаев: калдыктардан био отун чыгарып, күйүүчү майдын баасын арзандатууга болот

Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев калдыктардан био отун чыгарып, күйүүчү майдын наркын арзандатууга болоорун билдирди. 

Мындай пикирин ал ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Био отун жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтты.

“Кыргызстанда “Кайыңды кант” жана “Кошой” заводдору кант өндүрөт. Өндүрүлгөн патоканы “Кара-Балта” спирт заводу кайра иштетүүнү пландаштырып жатат. А андан чыккан калдыктан этанол даярдасак болот”,- деди Исаев.

Министрликтин өкүлүнүн билдирүүсүнөн кийин депутаттар эгер био отун чыгарылса, күйүүчү майдын наркы канчага арзандай тургандыгына кызыгышты.

«Азыркы учурда бензиндин баасы 40 сом. Эгерде ага этанол кошсок, анын наркы 3 сомго төмөндөйт, бензиндин күйүүсү да жакшырып, экологиялык жактан кыйла тазарат», – деди Амангелди Исаев.

Ушу тапта күйүүчү майдын суткалык керектөө көлөмү 1,5 млн литрди түзө турганы белгилүү болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген