“Аман-эсен абактан бошонуп алдыңыз. Эми тарапташтарынызды таратыңыз” Бабанов Жапаровго кайрылды

«Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» партияларынын лидерлери «Акыркы үмүт» деп аталган меморандумга кол коюшту. Алар Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке, Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министрликке көрсөтүшүүдө.

Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, легитимдүү түрдө, шайлоо аркылуу бийликке келүү туура экенин айтты.

“Президенттин акыркы кадамын өзгөчө белгилеп койгум келет, бул- тарыхый чоң кадам болуп калат.  Өз чечими менен, тынчтык жолу менен кызматтан кетем дегени-эң туура болду. Биз, партиялаштар Жээнбековдун чечимин колдойбуз”,-деди Өмүрбек Бабанов.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровго кайрылып, анын учурдагы көрүп жаткан аракеттери туура эмес экендигин белгилеп өттү.

“Урматтуу Садыр Нуркожоевич, аман-эсен түрмөдөн бошонуп алдыңыз. Эми тарапташтарыңызды таратып, элдин батасын алыңыз. Анан парламенттин алдына программа менен чыгып, эл тарабынан шайланалы”,-деди Бабанов.

Ал ошондой эле Жапаровдун азыркы аракети легитимсиз экендигин, сот тарабынан акталбагандыгын кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген