“Алтын топ” сыйлыгына Месси менен Роналду катышпайт

Барселона чабуулчусу Лионел Месси жана Ювентус оюнчусу Криштиану Роналду  “Алтын топко”  талапкер үч футболчунун катарына кирбей калды.  Бул туралу “The Sun”  жазып чыкты

Азыр “Алтын топко” талапкер 30 футболчуга добуш берүү уланууда, анын арасында дүйнөнүн эң мыкты футболчулары Роналду менен Месси алдынкы 3 футболчунун катарында  жок.

Белгилей кетсек, Месси менен Роналду 2008-жылдан бери алтын топту эч кимге бербей келет.  Тагырагы 10 жылда эки футболчу беш жолудан алтын топту алган.

Азырынча добуштар эсебинде, алдынкы катарда “Реал Мадрид” оюнчусу хорватиялык Лука Модрич баратат. Эске салсак, ал бир аз мурун ФИФА тарабынан жылдын мыкты оюнчусу болуп табылган болчу. Кийинки  катарда дагы бир “Реал Мадрид” оюнчусу франциялык Рафаэль Варан жана “ПСЖ” чабулчуусу  франциялык  Килиан Мбаппе келүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген