“Алтын шайба” хоккей боюнча эл аралык турнирдин жыйынтыгы

Борборубузда болуп өткөн хоккей боюнча “Алтын шайба” эл аралык турнири жыйынтыкталды. Турнирде 2010-жылы туулган балдар жана кыздар күч сынашты. Бул тууралуу хоккей федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, турнирге Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн жалпы сегиз команда катышты.
Биринчи орунду Беларусь өлкөсүнөн келген “Динамо” командасы ээледи.

Экинчи орунду казакстандык “Алма-Ата” командасы ээлесе, үчүнчү орунга Кыргызстандын “Алга 1” командасы ээ болду. Турнир шаардык муз тебүү аянтчасында өттү.
Бул турнирдин жыйынтыгы менен Кыргызстанда хоккей боюнча балдар жана жаштар командалары түзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.