Алтын келин аталгысы келгендер үчүн…

Жакшы келин кызыңдай,

Жакшы күйөө уулуңдай.

Ар бир кыз бой жеткен соң, ата-энесинин үйүндө балдай таттуу  доорун калтырып, башка бир бүлөөгө келин болуп барып, келинчек деген наамды алат. Эркелигин өз үйүнө таштап, барган үйүнүн эрежеси менен жашап, түтүн булатып, эне болуп, жашоого перзент алып келет. Сүйүктүү жар болуп, эне деген атка ээ болуу – ар бир кыздын мактанаарлык бакыты десек да болот. Албетте бул нерсеге  алгачкылардан болуп элн анын  ата-энеси, жакындары кубанат. Ал эми барган үйдүн алтын келини болуу үчүн да  сабыр менен эпчилдик керек болоорун унутпоо зарыл.

Барган жериңизден бак  таап, алтын келин аталгыңыз келсе психологдордун кеңешине назар салыңыз:

  • Билбегендериңизди сураңыз, уялбаңыз.
  • Кайненеңиздин жактырган тамагын жасап берүүгө аракет жасаңыз.
  • Жолдошуңуз менен кайненеңиз сизди күнөөлөп жатса да акырына чейин сабыр кылып күтүңүз. Балким маселенин тамыры таптакыр башка нерседе.
  • Кайненеңиз менен мамилеңиз жакшырсын десеңиз, себепсиз белек берүүнү үйрөнүңүз.
  • Үй жумуштарын так аткарууга аракет жасаңыз. Бардык ишти так,  майын чыгара аткарыңыз.
  • Алгач өзүңүздү сыйлоону үйрөнүңүз, ошондо өзгөнү да урматтоого көнөсүз.
  • Кайненесин жактырбаган кыз-келиндер биринчи ирет өз каталарын ойлоп көрүшү керек, мүмкүн мен туура эмес жасагандырмын деп.
  • Унутпаңыз, эч кайсы кайнене келиним жаман болсун дебейт.
  • Кетирилген каталарды оңдоого аракет жасаңыз, балким кайненеңиз да өз катасын түшүнөөр.
  • Кек сактабай, кичипейил болуңуздар кыз-келиндер!
  • Жакшы келин болуу үчүн кайнененин айтканын айткандай жасоо гана жетиштүү.
  • Кечиримдүү болуп, дайым жылмайып турсаңыз жеңиш сиздики. Мындай ыкма менен кандай кырдаал болбосун оңой чыгып кете аласыз.
  • Эң негизгиси сиз барган үйдүн коломтосундагы отту өчүрбөө сиздин милдетиңиз экендигин эске алыңыз.
  • Барган жериңизден бакыттын жыты уруп турушу сиздин колуңузда.☺

Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.