Алты балалуу эне кайрымдуу инсандардан жардам сурайт

Өзгөн районунун Шоро-Башат айылындагы 6 балалуу Гүлзада Шарипова жардамга муктаж. Каарманыбыз үйү жок, 20 жылдан бери туугандарынын үйүндө күн кечирип келет. Азыр жай мезгили болгондуктан, иниси сөрүсүн бошотуп берген. Бирок жамгыр жаап, суук болгон кездерде үшүгөн үй- бүлө кыштын кычыраган суугунда кайда барабыз деп бушайман.

Гүлзада Шарипова соңку үч айдан бери 6 баласы менен инисинин үйүндө жашап жатат. Эки инисинин бала-чакасын кошкондо бул үйдө 20дай адам жашайт. Ал эми жолдошу бир нече ай мурда Россияга иштегени кетип, бирок кабарсыз.

“Кайсы күнү жок болуп калам, мен өлсөм балдарым каякта калат, кантет деп көп ойлоном”,- дейт Гүлзада Шарипова.

Тун кызы азыр 17 жашта, ал дагы тагдырдын оор сыноосуна кабылып, автокырсыктан ден соолугунан ажырап, төшөктө жатат. Ал эми  өзү жетинчи баласын көз жарганы турат. Балдары көп болуп кубанганы менен, аларды толук кандуу каржылоого эч бир чамасы жетпейт. Мындан улам томсоргон жаш жеткинчектер жаштайынан көп азап чегишүүдө.

“9- класста окуган кызым чайканада иштеп, кичине тыйын таап келет. Андан тышкары 4000 сом жөлөк пул алабыз. Ошо менен эптеп күн кечирип жатабыз. Үкөлөрүмө ыйлайм, мени айдабагыла, каякка барам ушунча балам менен деп”,- дейт каарманыбыз.

Оор турмушка дуушар болушкан Гүлзада Шарипованын балдары жетишсиз турмуштун залакасы мектепте да тиерин айтышат.

“Окуу куралдарыбыз жок болуп мектепке баргандан уялам, көбүнчө тетрадь жок болуп калат”,- дейт кызы Алмаш Орозбай кызы.

Гүлзада Шарипова жер сурап 8 жылдан бери каккылабаган эшиги калбаган. Айыл өкмөттөн тартып, Ак үйгө чейин кайрылган. Бирок аракеттеринен эч кандай майнап чыккан эмес.

“40 гектар 80 сотых жерди 5 айылдан трансформация кылганы документтерин даярдап, 2012-жылдан бери чуркап жүрөм. Жер трансформациялоо оңой иш эмес экен. Бүт документтерин бүткөрүп жөнөтөм, кайра келет, кайра жөнөтөм. Эми жакында акимден сунуш алдым, кайра дагы жөнөтүү алдында турабыз»,- деди Төрт-Көл айыл аймагынын башчысы Өзгөнбай Эсенбаев.

Бийликтен эч кандай жардам болбогон соң, Гүлзада Шарипова коомдук уюмдардан жардам суроону эп көргөн. Алар дагы өкмөт жер бөлүп берсе, үй тургузууга көмөк көрсөтүшөрүн билдиришти.

“Эсеп ачып беребиз деп ойлоп жатабыз. Андан тышкары кайрымдуулук концерттерин уюштуруп, марафон өткөрсөкпү деген да пландарыбыз бар. Эгерде чек берилип калса, иш-чаралардан түшкөн каражатка эки бөлмөлүү үй салып берсек жакшы болот эле”,- дейт “Аалам Нуру” коомдук фондунун жетекчиси Анара Асанова.

Жергиликтүү бийликтен маалымдашкандай, жогорудагы жер трансформация болуп калса, кезеги боюнча 170- болуп Гүлзада Шариповага жер тилке берилет. Бирок ал жер качан даяр болоору азырынча белгисиз.

Гүлзада Шариповага жардам берүүнү каалгандар болсо, 0779-09-86-53 телефон нмуруна байланшып же Элсом мобилдик кызматы аркылуу акча которсо болот.

Сюжет: Кабылбек Көчкөнбай уулу, Шайыр Зайырбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген