Алты айда 22 эне төрөттөн каза болду

Кыргызстанда акыркы мезгилде энелердин төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки өлүмү көйгөйгө айланган. Мунун башкы себебин адистер аялдар арасындагы аз кандуулуктан көрүшөт. Ушул жылдын алты ай ичинде эле көз жумган энелердин саны 22ге жетти.

Бүгүн эл аралык эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана адистер Бишкекте азык-түлүк коопсуздугу, аз кандуулук, туура тамактануу жана байытылган унду пайдалануу маселелерин тегерек үстөлдө талкуулашат.

“Тамактанууну жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугу боюнча жарандык альянстын” өкүлү Гүлмира Кожобергенованын билдиришинче, Кыргызстанда төрөт курагындагы аялдардын 35%ы, беш жашка чейинки балдардын 43%ы аз кандуулук менен ооруйт. Адистер буга туура эмес тамактануу, тамак-аш, ун азыктарындагы керектүү витаминдердин жоктугу себеп дешет.

Өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын берген маалыматында, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. (КЕ)

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.