Алтайда рафтинг учурунда кыргызстандык инструктор сууга чөгүп кеткен

Тоолуу Алтайда Кыргызстандан барган инструктор рафтинг учурунда сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, Катун дарыясында рафтинг учурунда туристтер жайгашкан кайык. сүзүп бараткан жеринен оодарылып кеткен. Натыйжада Марсель Сталбеков суудан чыга албай калган. Анын сөөгүн 10 күн бою таба алышкан эмес.

Туристтер таяк менен Марселдин денесин алып чыгууга аракет кылышкан. Бирок таяк сынып кетип, аны агым алып кеткен. Бул тууралуу маркумдун апасы прокуратурага жиберген арызында айтылат.

Каза болгон кыргызстандыктын сөөгү 30 -июлда табылган. Күбөлөрдүн айтымында, окуя болгон күнү полиция үч сааттан кийин келген, ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлигине такыр кайрылышкан эмес.

Маркумдун туугандары азыркы учурда өз мекенине 200 жүктү жеткирүүнү уюштурууга аракет кылып жатышат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларга жардам береби же жокпу азырынча белгисиз деп айтылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.