Алоэ сууга караганда териге төрт эсе тез сиңет. Касиеттүү гүлдүн сиз билбеген пайдалары

Алоэ гүлү – эң таң калычтуу өсүмдүктөрдүн бири болуп саналат. Алоэнин жалбырактары 99% суудан турат, курамында витаминдер, минералдар, аминокислоталар, белок молекулалары жана териге кам көргөн башка заттар бар. Алоэнин бет терисине тийгизген пайдасы жөнүндө төмөндө окусаңыз болот.

Кызыгы, эң популярдуу бөлмө гүлү – алоэ суусу жок 7 жыл жашай алат. Байыртадан эле медицинада, косметологияда колдонулуп келген. Элдик медицина жактоочулары жана дүйнөлүк бьюти-бренддер, белгилүү сулуулук каражаттарын, косметика өндүрүүчүлөр алоэге эмнеге мынчалык баа беришинин эң аз 5 себеби бар.

1.Терини нымдайт

Алоэ вера кактус өсүмдүктөрүнүн түрүнө кирет, ошондуктан жалбырактарындагы нымды мыкты сактайт. Гүлдүн гели териге сууга караганда төрт эсе тез сиңет. Демек, алоэ верасынын жалбырактарынан алынган экстракттар терини терең нымдап, кургап кетүүдөн сактайт, эпидермистин катмарларындагы нымдуулуктун оптималдуу көлөмүн сактап турат.

 2. Тынчтандырат

Алоэ сезгенген терини кемчиликсиз тынчтандырат жана жумшартат, күйүккө, кесүүгө жана курт-кумурска чагып алганда жакшы жардам берет. Алоэ гели сезгенүүгө каршы касиеттеринин аркасында ультрафиолет нурларынын таасиринен келип чыккан кызарууну азайтат, клеткалардын калыбына келүүсүн тездетет жана клеткалардагы нымдуулукту сактоочу коргоочу катмар түзөт – терини жабыркаткан териге өзгөчө муктаж. Баса, батыштык изилдөөлөрдүн бирине ылайык, алоэнин таасири астында биринчи жана экинчи даражадагы күйүктөрдүн айыгуусу бир жумага тезирээк болот.

3.Калыбына келтирет

Алоэ ширеси теринин өлгөн клеткаларын сыйрып, жаңы клеткалардын пайда болушун сегиз эсе тездетип, теринин тез жаңылануусуна шарт түзөт.

4.Жашартат

Жаш жогорулаган сайын тери кургап, ийкемдүүлүгүн жогото баштайт. Алоэ ширесининин бөлүп чыгарган коллаген жана гиалурон кислотасынын жардамы менен теридеги бырыштарды азайтса болот. Курамындагы С жана Е витаминдери клеткалардын кычкылсыздануу жараянын азайтып бузулушун басаңдатат.

 5.Коргойт

Алоэ гүлүнөн жасалган гель бетке бат сиңип бетте коргоочу катмар жаратат. Ал сиздин бетиңиздин терисин күн бою шамал жана башка сырткы факторлордон сактап турат.

Алоэ үй шартында

Алоэ гүлү дээрлик ар бир үйдө өсөт. Эгер үйдө алоэ бар болсо, төмөнкүдөй маскаларды жасап, колдонсоңуз болот:

Беттеги макияжды кетирүү үчүн, өсүмдүк гели (суюлтулбаган шире) колдонуңуз, ал эми көздү алоэ ширесинен алынган суюктук менен косметикалык каражаттардан тазалоого болот.

Майлуу тери үчүн

Алоэнин жана бадыраңдын ичин алып, жумуртканын агын кошуп, блендердин жардамында маска жасап, бетке сүйкөп, түнү бою калтырсаңыз болот.

Скраб

Алоэнин ширесине күрөң шекер же болбосо тамак-аш содасын кошуп, бетиңизге сүйкөп, жылуу суу менен жууп жиберсеңиз болот.

Какачка каршы

Бир жумуртканын сарысына 1 аш кашык бал, 1 кашык майдаланган алоэни, 1 тиш майдаланган сарымсакты кошуп аралаштырып, жуулган чачка сүйкөп, жарым сааттан кийин жууп салсаңыз, чачтагы какачты жок кылат. Бул масканы жумада бир жолу жасап туруу зарыл.

Бутка

Жарым стакан сулу акшагына (овсянка) 50 мл алоэ ширесин жана чай дарагынын эфир майын кошуп бутка коюп, байпак кийиңиз. 1 сааттан кийин жылуу суу менен жууп салуу керек.

Колго

1 чай кашык алоэ ширесине 1 чай кашык кокос майын кошуп, колго сүйкөп, 5 мүнөттөн кийин жуу сунушталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген