Алматыда каза болгон Азиз Мусаевдин сөөгү туугандарына берилди

Казакстандагы тополоң учурунда Алматы шаарында каза болгон кыргызстандык жаран Азиз Мусаевдин сөөгүн апасы менен агасы Кыргызстанга алып келди. Бул тууралуу Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Алматыда каза болгон дагы бир кыргызстандык Бахтияр Базарбаевдин сөөгүн алып келүүгө дагы уруксат берилди.

Алматыдагы башкы консул камакта жаткан төрт кыргызстандыкты бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын, 14-январда дагы тийиштүү органдын адамдары менен жолуга турганын билдирди.

33 жаштагы Азис Мусаев Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жаткан. Ал эми Бактияр Базарбаев боюнча маалымат жокко эсе. Анын Казакстанда жүргүнчү ташып иштеп жүргөнү айтылып жатат.

Буга чейин Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасында дагы кыргыз жарандарынын бар же жогун текшерип жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.