Алматыда кары-картаңдарды алдап жүргөн кыргызстандык колго түштү

Казакстан республикасынын Алматы шаарында кыргызстандык жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Казакстандын zakon.kz сайты жазды.

Маалыматка караганда, Алматы шаарына 2 ай мурда барып, туугандарынын үйүндө жашап жүргөн 25 жаштагы Кыргызстандын жараны бир канча адамды алдап кеткен. Ал бир күнгө батир алып, аны кайра башкаларга ижарага берип жүргөн. Батирдин бир айлык акчасын алгандан кийин изин суутуп качып жүргөн шектүү Казакстандын милициясы тарабынан кармалды.

Милиция кызматкери Тимур Осекбаевдин айтымында, бир эле күндө ушундай айыптоо менен Алматанын эки тургуну да колго түшүп, баары күнөөлөрүн моюндарына алган. Осекбеав кошумчалагандай, алдангандардын дээрлик бардыгы кары-картаңдар жана пенсионерлер болгон.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar