Алмамбет Шыкмаматов Орхан Айдин менен жолугушту

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов кечээ,7-июнь күнү Түркиянын Анкара шаарында уюшкан өнөр жай зонасынын (OSTIM) башкармалыгынын төрагасы Орхан Айдин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда, OSTIM өкүлдөрү негизинен чакан, орто ишканалардан турган жана Анкаранын алдыңкы өнөр жай зоналарынын бири болгон уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

Анын мүчөлөрү Түркиянын экономикасынын 17 негизги тармагында иштешет жана алардын саны 6200дөн ашык ишкананы түзөт.

OSTIMдин негизги максаттарынын бири – бул өнүмдөрдү тышкы базарларга жеткирүү.

Шыкмаматов белгилегендей, Кыргызстанда мыкты моделдерди киргизүү, ишканалардын өнүгүшү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө түздөн-түз таасир этет, ошондуктан кыргыз тарап OSTIMдин жана башка ийгиликтүү түрк ассоциацияларынын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар.

“Мындан тышкары, биз түрк тарапка Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай зонасын эрте ачуу боюнча сунушубуз бар”, – деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 10-июнда президент Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапарынын алкагында өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумунда Инвестициялар министрлиги менен OSTIM ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну макулдашышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.