Алиппе майрамы: ата-энелер чыгымын эсептеп жатышат

Алиппе майрамга карата акча жыймай башталганын “Фейсбук” колдонуучусу Ыдырыс Исаков жазды. Жалпысынан чогултмай ар бир ата-энеге 1000 сомдон туура келгенин жазган Исаков акча кайда жумшаларын тизмектеди.

“Жакында бизде алиппе майрам болот. биринчи мугалимибиз чакырып, майрамдын чыгымдарын айтты.
1-Классты майрамга карата жасалгалоо.
2-Окуучуларга грамота алуу,
3-Окуучуларга шириндиктерди алуу
4-Окуучу башына иле турган тамганы ламинанттоо,
5-Биринчи мугалимге белек алуу
6-Видео оператордун акысы,
7-Мектеп директирине конвертте бериле турган акча
8-Мектептин завучуна конвертте бериле турган акча
Мектеп директоруна башка мугалимдер берип, мен бербей койсом туура болбой калат дейт биринчи мугалимибиз. Баса баары биригип миң сом чогултмай болдук”.  
(Колдонуучунун посту баракчасынан өзгөртүүсүз алынды). 

Айрымдар муну бизнес-долбоор го деп какшыктаса, дагы башкалары азыр мектептерде акча жыймай “Вотсап” аркылуу оңой эле ишке ашып калганын кошумчалашты.

Исаков  мугалимдер акчаны зордоп албаганы менен, ата-энелерди “кайрымдуу болууга” аргасыз кылат экен деп тактай кетти.  Колдонуучулар болсо мектептерде акча жыймайга ата-энелер комитеттерди активдүү иштеп, агартуучулардын таламын талашууга эбак өтүп алганын да жазышты.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz